Суббота, 21 сентября

Кыргызстанга Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келди

0

Орусиядан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жиберилген жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясы келди.

ӨКМдин маалымат кызматынын билдиришинче, февраль айынын аягына чейин дагы 58 автоунаа келери күтүлүүдө. Атайын унаалар Орусиядагы заводдон чыгарылган, аны алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшкөн.

Жайында ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев министрлик техникалык жөндөмүн жогорулатып, атайын техника алуу үчүн Россия менен макулдашуу түзгөнүн белгилеген. Анын алкагында эки тик учак да алынмак.

Ошондой эле Кытай Кыргызстанга грант түрүндө 6 мобилдик госпиталь жана 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бере турганы кошумчаланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз