Воскресенье, 19 мая

Кара-Кече кенинен көмүр казуу убактылуу токтотулду

0

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы Нарын облусундагы Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштерин убактылуу токтотот.

Мындай чечим карьердеги тазалоо иштерине жана көмүр казыла турчу жаңы жерлерди чалгындоого байланыштуу кабыл алынган деп айтылат маалыматта.

Казуу иштери 10-январда жанданмакчы. Компания кара алтын менен Бишкек ТЭЦин камсыздоо улана бере турганын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз