Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Конья шаарында жашап жана окуган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Коньяга болгон акыркы жумушчу сапарынын жыйынтыгын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын Конья шаарында жашоосу жана кыргыз диаспорасынын бирикмесин ал шаарда расмий каттоодон өткөрүп ачуу боюнча Конья бийлиги менен макулдашылган маселелерди талкуулашты.