“Азаттык” партиясы шайлоонун жыйынтыгын сотко берди. Сот отуруму бүгүн, 2021-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда саат 15.00дө өтөт. Бул тууралуу «Азаттык» демократиялык партиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинде:
“Баардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ жана бирдей милдеттерди тартышат. Катталган талапкер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, камакка алынышы же соттук жазага тартылышы мүмкүн эмес.
Талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген укуктары жана кепилдиктери шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин, ал эми талапкер шайлоонун натыйжаларына даттанган учурда — соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин колдонулат”-деп жазылат.
Бул мыйзамдын негизинде УКМК Калмаматовду камакта калтырууга укугу жок экендигин жана бүгүнкү күнгө чейин камоо мыйзамсыз экендиги жазылган.
Мындан сырткары маалыматта талапкер Бактыбек Калмаматовдун камалышында бир канча мыйзам бузуулар тизмектелген. Алар:
— Учактан алып калуу мыйзамсыз,
— чыгууга чектөө мыйзамсыз,
— 15 сааттык сурак мыйзамсыз,
— Убактылуу кармоочу жайга жайгаштыруу мыйзамсыз,
— Баш коргоо чарасы 60 сааттан кийин каралды — мыйзамсыз. 48 сааттан кийин автоматтык түрдө бошотулушу керек болчу.
— СИЗО-1де кармоо мыйзамсыз.
Эске салсак, Бактыбек Калмаматов быйылкы өткөн шайлооолордо «Азаттык» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.