Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын жабылуу аземи качан өтөрү такталууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны өтпөйт. Жабылуу аземи гана өтөт. Учурда качан өтөрү такталууда.
6-чакырылыштын акыркы жыйыны 22-декабрда өткөн. Анда бир топ мыйзам долбоорлору каралып, добуш берүүлөр болгон.