Суббота, 23 ноября

Түркиянын президенти мусулмандарга маанилүү кайрылуу жасады

0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Чикагодо өткөн Америка мусулмандар коомунун жана Түндүк Америка ислам коомчулугунун 20 жылдык биргелешкен конгрессинин катышуучуларына видеокайрылуу жолдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түрк лидери белгилегендей, бир катар өлкөлөрдө коронавирус пандемиясы убагында ксенофобия, исламофобия жана радикализм менен шартталган кылмыштуулуктун коркунучтуу өсүү тенденциясы байкалууда. Мындай кырдаалда мусулмандардын биримдиги жана бири-бирине болгон колдоосу өзгөчө мааниге ээ.

Мындан улам Эрдоган мусулмандарды үмүт үзбөөгө жана көйгөйлөргө чечкиндүү каршы турууга чакырды.

«Мусулмандардын этникалык жана маданий негизде бөлүнүшүнө жол бербөө абдан маанилүү. Этникалык жана маданиятына, стилине жана терисинин түсүнө карабастан бардык мусулмандар бир тууган!», — деген Эрдоган.

Түрк президенти ислам дининде терроризмге орун жок жана боло албайт деп баса белгилеген.

«Заманыбыздын күчөп бараткан чакырыктарынын фонунда мусулмандар четтебей, өз күчүнө ишенип, коомдо татыктуу орун алууга умтулушубуз керек», — деп кошумчалаган Эрдоган.

Мындан тышкары, Эрдоган пандемия учурунда жумушсуз калган адамдарга жардам берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз