Ооганстанды басып алган «Талибан» террордук уюмунун согушкерлери Кабул шаарында демонстрацияга чыккан аялдарга карата ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя Кабул шаарындагы италиялык гуманитардык уюмдун ооруканасынын жанында болгон. Азырынча ок чыгаруудан каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча маалымат жок.
Буга чейин «Талибан» кыймылы Ооганстанда бир нече телеберүүлөрдү, анын ичинде аялдардын катышуусундагы программаларды көрсөтүүгө тыюу салган.
«Талибан» кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.