Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары менен жолугушат.
Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттарын ыйгарым укуктары аяктагандыгына байланыштуу чакырды.
Алтынчы чакырылыштын депутаттары 2015-2021-жылдары иштешкен. 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу алардын ыйгарым укуктарын бир жылга узартылган.