Пятница, 22 ноября

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант берди

0

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген жаңы депутаттар ант берди.

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эл өкүлдөрүнө төш белги жана ырастама (кызматтык күбөлүк) тапшырды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда үстүбуздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Биринчи май жана Свердлов округдарында баарына каршы графасы алдыга чыккан. Мындан улам аталган эки округда кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз