Бүгүн, 30-декабрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 41 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаары – 24,
— Ысык-Көл облусу – 5,
— Чүй облусу – 4,
— Ош облусу – 4,
— Жалал-Абад облусу – 2,
— Ош шаары – 1,
— Талас облусу – 1.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 184633 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 1 бейтап көз жумду.