Воскресенье, 19 мая

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды

0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды.

Ал “Ынтымак” фракциясы тарабынан сунушталып, 63 депутаттын добушу менен жеңүүчү аталды. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн Адахан Мадумаров 10 добушка ээ болду. Баарына каршы 14 добуш берилди.

Добуш берүү бюллетень салуу аркылуу өттү. Анын жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат Таалайбек Масабиров жарыялады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз