Пятница, 22 ноября

Кыргызстандык ырчы Россиянын «Голос 10» сынагын жеңди

0

Кыргызстандык Александр Волкодав Россиянын «Голос 10» сынагын жеңди.

Сынактын финалы кечээ, 29-декабрда өткөн. Финалга 4 катышуучу: кыргызстандык Александр Волкодав, казакстандык Алишер Каримов жана Ернар Садирбаев, ошондой эле россиялык Элина Пан жолдомо алышкан.

Волкодав россиялык ырчы Пелагея менен чогуу «Arcade» чыгармасын аткарды.

Телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Волкодав жалпы добуш берген адамдардын 53,3 пайыз колдоосуна ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Андан тышкары ырчы Пелагея Волкодавга анын тобунун курамына кирүүнү сунуштады. Волкодав анын сунушун кабыл алды жана эми «Пелагея» тобунун солисти болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз