Милиция кызматкерлери жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого зарыл болгон чараларды аткарышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ички иштер министрлиги ыйгарым укуктарынын чегинде майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, комплекстүү иш-чаралар аткарылууда.
«Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочунун күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери айдоочулардын ылдамдык шарттарын, маневр жасоо жана жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу эрежелерин сактоосун көзөмөлдөшөт. Жөө жүргүнчүлөр тарабынан бузууларга байкалбай калбастан, көңүл бурулат»,- деп жазылат маалыматта.