Суббота, 21 сентября

Түркияда жүрөккө операция жасоо ийгиликтүү жүрүүдө

0

Түркияда жүрөк-кан тамыр оорууларына операция жасоодо эл алдыңкы технологиялар колдонулууда.

Түркиялык кардиохирургдар жүрөккө операция жасоонун баардык татаал түрлөрүн ийгиликтүү жүргүзүшүүдө.  Бул тууралуу «Анадолу» агенттигине Түркиянын Саламаттык сактоо кызматы ассоциациясынын (SEİS)  жетекчиси Метин Демир билдирди. «Европа же башка өлкөлөрдө Түркиядагыдай жүрөккө мындай операция жасай алышпайт», — деди  Демир. Анын айтуусунда, Түркия медициналык жабдыктарды өндүрүү тармагында импорттук алмашууга багыт жасоодо.

Түркия 2023-жылга карата аталган чөйрөдө өз үлүшүн 30%га жеткирүүнү пландаштырууда деп белгиледи Демир. Ассоциация башчысы белгилегендей, кардиохирургия үчүн жабдыктарды чыгаруу өтө кыйын болуп саналат, анткени ага жогорку сапаттуу жана татаал технологиялар талап кылынат.  Анын пикиринде, медициналык жабдыктарды өндүрүү тармагындагы импорттук алмашуу тиешелүү кызыккан тараптар менен кызматташууну талап кылат.

«Саламаттык сактоо министрлигинин Өнөржай жана технология, Социалдык коопсуздук маселелери боюнча башкармалык, медикаменттер боюнча ведомство, ошондой эле тармактын өкүлдөрү жана врачтар менен кызматташуу сапаттуу продукция өндүрүүгө шарт түзөт», — деди  Демир. Түркияда жүрөк-кан тамыр оорууларын дарылоодо эң алдыңкы технологиялар колдонуларын белгиледи ассоциациянын башчысы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз