Пятница, 20 сентября

ЕБ Иранга каршы санкцияны узартты

0

ЕБ Иранга каршы санкцияны «адам укугун бузгандыгына байланыштуу» деген жүйө менен санкция киргизди.

ЕБ кеңеши Иранга каршы санкцияны дагы бир жылга – 2020-жылдын 13-апрелине чейин узартуу чечимин кабыл алды. Мындан мурда ЕБ Иранга каршы «адам укугунун бузулушуна байланыштуу» деген жүйө менен санкция киргизген болчу. Санкцияга бир компания жана 82 адам туш болгон. Кара тизмедеги адамдардын баардыгына Евробиримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салынган, мындан тышкары алардын активдери тоңдурулган. Санкцияга ылайык, Иранга өлкө ичинде репрессия үчүн колдонулуучу жана аңдуу жүргүзүүчү жабдыктарды жеткирүүгө тыюу салынат. ЕБдин ядролук программадан улам Иранга каршы киргизилген экономикалык жана каржылык санкциялары  мурда жокко чыгарылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз