Суббота, 20 апреля

Садыр Жапаров Кумтөргө барды

0

Садыр Жапаров 2-январда, «Кумтөр» алтын кенине барып, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын («КГК») ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды.

Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “КГК” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди.

«Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз