Суббота, 27 апреля

«Шамбала» тасмасы Moving Film Festival’да жети сыйлыкка ээ болду

0

Кыргызстандык режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Moving Film Festival’да жети сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясы маалымдады.

Көз карандысыз кинорежиссёрлордун фестивалы Иранда 28-декабрдан 31-декабрга чейин өттү. Калыстар тобу «Шамбала» тасмасын жети номинацияда мыкты деп тапты:

«Мыкты оператор» — Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев;
«Мыкты композитор» — Мурзали Жеенбаев;
«Мыкты үн режиссёру» — Бакыт Ниязалиев жана Калыбек Шерниязов;
«Мыкты монтаж» — Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов жана Элдияр Мадаким;
«Мыкты грим» — Айгүл Кыдыралиева;
«Мыкты костюм» — Айгүл Кыдыралиева;
«Мыкты визуалдык эффект (VFX)» — Элдияр Мадаким жана Изат Абдраимов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз