Воскресенье, 24 ноября

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды

0

КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен 2-январь күнү Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору катары расмий жарыяланып, маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэрине тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай макам менен эми Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат.

Эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздоо максатында КРнын Маданият министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат.

Эстафетаны кабыл алуу концерттик программа менен коштолуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.

Ал эми 2022- жылы Каракол шаарында өтө турган маданий программалар боюнча маалыматтар министрлик тарабынан байма-бай берилип турмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз