Пятница, 20 сентября

Түркия жана  РФ «Аккую» АЭСин курууда

0

 «Аккую» АЭСнин курулуш аянтында 783 адам иштеп жатат.

«Аккую» АЭСин куруу долборрун ийгиликтүү ишке ашыруу Түркия менен Россиянын натыйжалуу кызматташтыгынын көрсөткүчү болуп саналат. Бул тууралуу Akkuyu Nükleer AŞ компаниясы билдирди. Мартта АЭСтин реакторунун биринчи корпусунун жерпайы курулган. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында ошондой эле Чыгыш жүк терминалында курулуш иштери жасалып, Түркиянын транспорт жана инфраструктура министрлигинин уруксаты күтүлүп жаткандыгы айтылган маалыматта.

2019-жылы 3-апрелде «Аккую» АЭСнин курулушу башталгандыгына бир жыл толгондугу айтылат маалыматта. Билдирүүдө айтылгандай, «Аккую» АЭСи долбоорунун алкагында ядролук энергетика чөйрөсүндөгү 35 түркиялык инженер-адистер иштей баштагандыгы сыймыктануу сезимин жаратары белгиленген.

«Булар МИФИ НИЯУнун бүтүрүүчүлөрү, алар «Аккую» АЭСинин курулушу башталган 2018-жылы апрелде долбоорду ишке ашырууга тартылышкан. Компания майда долбоорду ишке ашырууга дагы 53 россиялык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тартууну сунуш кылды», — деп айтылат маалыматта. Компаниянын маалыматына ылайык, «Аккую» АЭСнин курулуш аянтында 783 адам иштейт, алардын 90%ы Түркиянын жарандары. Жыл соңунда бул көрсөткүчтү 1,5 миңге көбөйтүү пландаштырылууда.

Россия менен Түркиянын ортосундагы түркиялык Мерсин провинциясында атомдук электростанцияны куруу  боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга 2010-жылы кол коюлган. Алгачкы түрк АЭСнин долбоору ВВЭР-1200  реактору менен кубаттуулугу 4800 мегаватт энергоблокту өзүнө камтыйт. АЭСти 2023-жылга чейин куруп, пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Курулуштун баасы 20 млрд. доллардан ашык бааланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз