Суббота, 11 мая

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

0

 2022-жылдын 5-январында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтү тууралуу жарлыкка кол коюп, өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Казакстандын премьер-министринин милдетин аткаруу убактылуу Смаилов Алихан Асхановичго жүктөлдү.

Казакстандын өкмөт мүчөлөрүнө өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантуу тапшырылды.

Эске сала кетсек, Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарларда да болду. Акциянын катышуучулары өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды коюуда.

5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кетти. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз