Бүгүн, 5-январда Казакстандын Алматы шаарында баш аламандыктар уланып жатат. Саат 07:00гө карата күбөлөр билдирген малымат боюнча, таңкы алтыдан бери түтүн чыгаруучу жабдыктар колдонулуп, үн-жарык чыгаруучу гранатанын да үнү чыгып жатат.
Буга чеийн Алматынын акиминин милдетин аткаруучу Бакытжан Сагинтаев шаардагы кырдаал көзөмөлгө алынганын билдирген. Шаарда чагымчылдар менен экстремисттерди кармоо иштери жүрүп жатканы айтылды. Бүгүн, 5-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы шаары менен Мангистау облусуна өзгөчө абал режимин жарыялады. 5-январда саат 01:30да башталган чектөөлөр 19-январга чейин созулат.