Пятница, 22 ноября

Ирина Карамушкина депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз тапшырды

0

Ирина Карамушкина депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ал Свердлов округунан шайлоого аттанат. Буга чейин төмөнкүлөр шайлоого катышуу ниетин билдиришкен.

Белгилеп өтсөк, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандар баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз