Пятница, 22 ноября

Алматыда атайын антитеррордук операция жүргүзүлдү

0

Алматыда антитеррордук атайын операция болгонун Алматынын акиминин орун басары Ержан Бабакумаров журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Алматы аэропорту бошотулуп, кадимки режимде иштөөгө өттү.

Буга чейин Алматы аэропорту басып алынып, кызматкерлерди эвакуациялоо иштери жүрүп жатканы маалымдалган.

Казакстанда жекшембиде суюлтулган газдын кымбатташына каршы массалык нааразычылык акциялары башталды. Митингдер Жаңыөзөндө (Казакстандын батышындагы Мангистау облусундагы шаар) башталып, андан соң башка шаарларда уланган. Нааразылык акцияларынан улам казак өкмөтү отставкага кеткен. Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назарбаев Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы болбой калганын билдирди.

Учурда республика боюнча нааразылык акциялары уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз