Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Казакстанга аскерлерин жөнөтүүнү чечти. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри, ЖККУ Кеңешинин учурдагы төрагасы Никол Пашинян билдирди.
Анын айтымында, аскерлер белгилүү бир убакытка абалды турукташтыруу үчүн киргизилет.
Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү абалды террорчулардын агрессиясы деп баалап, ЖККУдан жардам сураган болчу.
Токаев: “Мындай террордук банда эл аралык болуп саналат. Алар чет өлкөдөн олуттуу даярдыктан өтүп келип Казакстанга кол салышын агрессиялык акт катары караш керек. Ушуга байланыштуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге таянып, террордук коркунучту басуу үчүн Казакстанга жардам көрсөтүүсүн сурап, бүгүн ЖККУнун жетекчисине кайрылдым. Чынында бул — коркунуч эмес, бул аймактык бүтүндүктү талкалоо”, — деди.
Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет.