Пятница, 22 ноября

Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди

0

Коңшу Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын аскер кызматкерлери Казакстандын аймагына кирди. Алар атышуу болуп жаткан Алматы шаарына барышы мүмкүн.

Учурда Алматынын борборунда атышуу уланууда. Шаарды коюу туман каптаганына байланыштуу журналисттер менен адамдарды аскер кызматкерлери 100 метрдей чет жакка жылдырышкан.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз