Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 6-январда эртең менен Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрдү. Анда Казакстандын аймагында жарыяланган өзгөчө абал режимине байланыштуу өлкөдөгү кырдаал талкууга алынды.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, А.Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргызстандын аймагына курал-жарактардын кирүү мүмкүнчүлүгүнө байланышкан коркунуч тууралуу баяндамаларын укту. Ошондой эле финансы-экономикалык блоктогу министрликтерге өлкөдөгү банк системасы жана азык-түлүк, күйүүчү майга байланышкан коопсуздукту камсыздоо багытындагы чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Акылбек Жапаров ЖККУнун жана өлкө башчынын чечимине ылайык Кыргызстан бир тууган Казакстанга көмөк көрсөтүүгө жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин билдирүүсүнө байланыштуу ЖККУ алкагындагы союздаштык милдетин аткарууга даяр экенин билдирди.
Министрлер кабинети президент Садыр Жапаров берген тапшырманын алкагында бүгүн, 6-январда түштөн кийин Жогорку Кеңештин шашылыш жыйынын өткөрүүнү демилгеледи. Парламент жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев доклад жасайт.
Ошондой эле Ташиевге Казакстандагы окуяларга байланыштуу чара көрүү боюнча өкмөттүк штабды жетектөө тапшырылды. Андан тышкары Министрлер кабинети мындан башка дагы бир катар маселелерди талкуулашты.
