Сутка ичинде Кыргызстанда дагы 247 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаары – 151,
— Чүй облусу – 37,
— Жалал-Абад облусу – 18,
— Ош шаары – 11,
— Ош облусу – 11,
— Ысык-Көл облусу – 10,
— Талас облусу – 6,
— Нарын облусу – 2,
— Баткен облусу – 1.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 185484 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 3 бейтап көз жумду.