Пятница, 3 мая

Кыргызстан Казакстандагы жарандарын эвакуациялады

0

КРнын Тышкы иштер министрлиги 6-январда чет өлкөдөгү жарандарга укуктук-консулдук жардам көрсөтүүнүн алкагында учурда Казакстан Республикасынын аймагынан кайтып жатышкан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялап келүү боюнча иш уюштурду.

Министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Алма-Атадагы башкы консулдугу транспортту уюштуруп, эвакуацияга кеткен бардык чыгымдарды төлөп берген. Маалым болгондой,  атайын уюштурулган транспортто КРнын 20 жараны, алардын ичинде аялдар, балдар, ошондой эле Россиянын 20 жараны, Тажикистандын бир жана Өзбекстандын бир жараны Кыргызстанга кайтып келишти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз