Суббота, 23 ноября

Кыргыз аскерлери Канттагы авиабазада даяр турушат

0

Казакстандагы кырдаалга байланыштуу кыргыз аскерлери Кант шаарындагы авиабазада эки учакта учууга даяр турушат. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Орусиянын, Беларусь өлкөсүнүн аскерлери Казакстанга кирди. Армениянын, Тажикстандын аскерлери учууга даярданып жатышат. Биздин дагы аскерлер даяр. Биз келишимге кол койгондон кийин эл аралык аброюбузду түшүрбөшүбүз керек. Биздин аскерлер Канттагы базада эки учакта биздин чечимибизди күтүп отурат», — деди Бекболотов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз