Бүгүн, 7-январдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Шарапат Мажитова Казакстанга 5-6 депутатты кошуп жөнөтүүнү сунуштады.
«Биз тарыхтан көп сабак алдык. Башка мамлекеттерге караганда тажрыйбабыз көп. Оор учурда боордош казак элибиз бизден жардам күтүп жатат. Биз аскерлерди жөнөтүүнүн алдында медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтсөк. Ошондой эле 5-6 депутатты жөнөтсөк», — деди Мажитова.