Понедельник, 13 мая

Алматыда 2 экстремисттик топ жок кылынды

0

Алматы шаарындагы баш аламандыкка катышкан 2 экстремисттик топ жок кылынды, деп билдирди Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети.

Ошондой эле жок кылынган экстремисттик топтун 4 мүчөсү кармалды. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда ок атуучу жана травматикалык курал, жарык-үн чыгаруучу граната, ок, диний китептер жана башка далил буюмдар табылган.

Улуттук коопсуздук комитети бир топтун лидери — чет өлкөлүк жаран массалык баш аламандыкка активдүү катышып, чет өлкөдөгү террористтик топтор менен байланышып турганын белгиледи. Ал эми тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, ал Казакстанга массалык мыйзамсыз акцияларды, бийлик органдарына жана күч структураларына кол салууну даярдоо үчүн атайын барган. Анын шериктери издөөгө алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз