Воскресенье, 28 апреля

Бүгүн Казакстанда улуттук аза күтүү күнү

0

Бүгүн Казакстанда улуттук аза күтүү күнү.

Буга чейин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялаган. Ага ылайык, өлкөнүн желектери төмөн түшүрүлүп, ЖМКлардан көңүл ачуучу программалар токтотулат.

Казакстандагы башаламандык учурунда 164 адам каза болду. Анын ичинен экөө жаш бала, 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.

Учурда Казакстандын армиясы антитеррористтик операцияларды жүргүзүүдө. Анын алкагында алты миңге чукул адам кармалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз