Пятница, 22 ноября

Кыргызстандык Викрам Рузахунов бошотулду

0

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал бүгүн, 10-январда Кыргызстанга алып келинет.

Буга чейин казакстандык басылмалар митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп барганын билдирген жарандын видеосун тараткан. Бул үчүн белгисиз адамдар ага 90 миң теңге убада кылышкан. Кийинчерээк кармалган адам белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон.

Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт өткөргөнү бараганын маалымдады.

Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп коңшу өлкөгө нота жиберилерин айткан. Кийинчерээк ТИМ Рузахуновду бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз