Суббота, 21 сентября

Эрдоган Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барды

0

Режеп Таип Эрдоган 8-апрелде Орусия президенти менен жолугушуу үчүн Москвага учуп барды. Анадолу агенттиги Эрдоган быйыл Путин менен үчүнчү ирет жолугушуп жатканын билдирди. Берилген  маалыматтарга ылайык,  бул эки тараптуу жолугушууда аймактык кызматташуулар жана  Түркиянын Сириядагы алдын ала программалаштырылган аскердик опреациялары талкууланмакчы.

Түркиянын президенти бул сапар тууралуу мындан мурдараак  кабарчыларга мындай деп билдирген: Биз Орусия менен болгон кызматташуубуз кеңейип, күндөн күнгө бекемдөөдө. Түркия президенти бул сапарында аймактык жана дүйнөлүк өзгөрүүлөр боюнча, анын ичинде эки өлкөнүн ортосунда визаларды алып салуу маселелери каралаарын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз