Суббота, 21 сентября

Россиянын президенти Түркияга С-400 системасынын берилишин артыкчылыктуу деп атады

0

Владимир Путин Москва үчүн Түркияга С-400 ЗРКны берүү боюнча келишимдин аякташын артыкчылыктуу деп атады.

Москва жана Анкара ийгиликтүү кызматташууда, анын ичинде аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташуу бар экендигин айтты Россиянын президенти Владимир Путин  Кремлде жогорку деңгээлде өткөн түрк-россия Кызматташтык кеңешинин 8-жыйынында.

«Биздин өлкөлөрдүн алдында аскердик-техникалык чөйрөдө да  кызматташтыкты чыңдоо боюнча олуттуу милдеттер турат. Биринчи кезекте сөз Түркияга зениттик-ракеталык С-400 “Триумф”  системасын жеткирүү боюнча келишимдин ишке ашырылышынын аяктоосу тууралуу болууда»,- деди россиялык мамлекеттин башчысы.

Күн тартибинде Түркияга заманбап аскердик багыттагы продукцияны берүүгө байланышкан башка да келечектүү долбоорлор бар, деп белгиледи РФнын президенти.

Путин  Россия жана Түркиянын эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн зарылчылыгы тууралуу пикири дал келерин белгиледи.

РФнын  президенти Москва жана Түркиянын сириялык кагылышууну жөнгө салуудагы салымына жогору баа берди.

Россия мамлекетинин башчысы Сириядагы жаңжал Россия жана Түркиянын биргелешкен группасынын стратегиялык пландаштыруусунун күн тартибинде негизги маселелердин бири бойдон кала берерин белгиледи.

Россиялык лидер Россия жана Түркия Астана процессинин гарант-өлкөлөрү катары Сириядагы чыңалууну төмөндөтүү үчүн чоң аракеттерди жасай тургандыгын айтты.

Андан ары Путин эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн  жогорулатууу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

«Эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы стратегиялык мүнөзгө ээ болду. «Түрк агымы» долбоорунун ишке ашырылышы Түркияга, андан ары Европага газ жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Жакында эле газ түтүгүнүн деңиз жана кургактагы бөлүгүнүн туташтырылуусу ишке ашырылды. Долбоорду ишке ашыруу жыл соңуна чейин аяктоосуна аракет кылабыз»,- деди РФнын  президенти.

Путин Түркиядагы «Аккую» АЭСинин курулушуна кошумча каржылоону тартуу зарыл экендигин маалымдады. Президенттин айтуусунда, түрк инвесторлору бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар.

«Аккую» АЭСнин биринчи энергоблогу 2023-жылы  ишке берилүүсү үчүн аракеттер көрүлүүдө деди Путин.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз