Суббота, 23 ноября

Токаев бүгүн Мажилиске жаңы премьер-министрди сунуштайт

0

Бүгүн, 11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Мажилисте сөз сүйлөйт. Президенттин басма сөз катчысы Берик Уалинин айтымында, өлкө башчынын парламентте сүйлөгөн сөзү саат 11:15ке пландалууда. Түз алып көрсөтүү «Хабар24» телеканалында болот.

«Бүгүн саат 11:15те мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Мажилистин жыйынына катышып, анда жаңы премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтөт жана ошондой эле саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди чечүү боюнча конкреттүү милдеттерди коёт», — деди Уали.

Буга чейин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынында Токаев 11-январда парламентке өкмөттүн жаңы курамы боюнча сунуш киргизип, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү курч көйгөйлөрдү чечүү боюнча конкреттүү милдеттерди коё турганын белгилеген.

Ошондой эле, кадрдык өзгөрүүлөр болорун президенттин басма сөз катчысы Берик Уали да билдирген. «Президент өкмөттү отставкага кетирди. Баардык министрлер азыр милдетин аткаруучу болуп эсептелет… Ким кетээрин, ким калаарын президент өзү чечет. Өкмөт кайрадан түзүлөт. Албетте, кадрдык өзгөрүүлөр болот», — деди ал «Хабар 24» телеканалынын эфиринде.

5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол коюп, премьер-министрдин милдетин аткаруу убактылуу Алихан Смаиловго жүктөлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз