Суббота, 23 ноября

ТИМ: Шымкентте кармалган 38 кыргызстандык бошотулду

0

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча маалыматты тез арада коомчулукка жеткирүү максатында төмөндөгүлөрдү билдирет.

Казакстандагы Кыргызстандын жарандарынын баш аламандыктарга катышты деп шектелип, кармалышы боюнча:

— Кыргызстандык Викрам Рузахунов Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулу Назарали Ариповдун катышуусунда бекитилген жол-жоболордон кийин бошотулду;

— Кыргызстандын жараны Юбуров Закирдин жана башка Кыргызстандын жарандары башка кармалгандыгы боюнча азыркы кезде консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, тактап айтканда, казакстан тарабына бул жарандардын кармалгандыгы жана атайын текшерүүчү жол-жоболордон кийин бошотууну өтүнгөн нота жөнөтүлдү;

— Шымкент шаарында Кыргызстандын 38 жаранынын кармалышы боюнча Казакстан тарабы текшерүү иш-чараларынын алкагында тешерүү жүрүп, бошотулган.

Казакстанда баш аламандык учурунда каза болгон Кыргызстандын жарандары боюнча:

— 2022-жылдын 7-январында Алматы шаарында Кыргызстандын жараны 1989-жылы туулган А.М. каза болгондугу тастыкталган. Өлкөнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу туугандары менен байланышкан, Казакстандын укук коргоо органдары анын өлүмү боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө;

— Кыргызстандын башка жарандарынын массалык баш аламандыктарда каза болгон фактылары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз