Парламентте төраганын 3 орун басары жана 8 комитет түзүү сунушталууда, деп билдирди депутат Султанбай Айжигитов («Ыйман нуру») 12-январда ЖКнын жыйынында.
Комитеттердин тизмеси:
— Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
— Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;
— Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;
— Финансылык-экономикалык саясат боюнча комитет;
— Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;
— Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет;
— Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш боюнча комитет;
— Агрардык саясат, региондорду өнүктүрүү боюнча комитет.
Мындай түзүмдү жалпы комитеттин режиминде 47 депутат колдоп, 1 депутат каршы добуш берди.