Воскресенье, 24 ноября

Кыргызстанда коронавирустун омикрон штаммы катталды

0

Кыргызстанда коронавирустун омикрон штамы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Республикада коронавирустун төртүнчү толкуну башталды.

«Улуттук фтизиатрия борбору коронавирустун штаммын аныктоо үчүн секвенирлөө жүргүздү. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылгандардын арасынан январь айынын башында үлгүлөр алынган жана алардын экөөсүнөн омикрон штаммы аныкталды», — деп билдирди министрлик.

Бүгүн, 12-январда беш айдан бери биринчи жолу бир суткада COVID-19 аныкталган 465 жаңы учур катталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз