Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары «Манас Ордо» улуттук комплексинде болду.
Эдил Байсалов эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө облустагы социалдык-маданий объектилердин иши менен таанышат.