Суббота, 1 июня

Депутат Нарматова ЖКда кыргызча сүйлөө керектигин билдирди

0

«Биз Кыргызстанда жашайбыз, мамлекеттик тил — кыргыз тили. Биз өзүбүз Жогорку Кеңеште тилибизди сыйлашыбыз керек», — деди депутат Надира Нарматова 12-январда парламенттин жыйынында.

«Арабызда 90 депутаттын арасында бир дагы орус жараны жок. Биз өзүбүздү сыйлайлы андан кийин башкалардан талап кылалы», — деди ал.

Нарматованын айтымында, депутат Султанбай Айжигитов эки тилде тең эркин сүйлөйт. «Анын үстүнө түз эфирди карапайым кыргызстандыктар карап турат, эгер зарылчылык болбосо, маселелерди мамлекеттик тилде талкуулаш керек», — деп кошумчалады ал.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров тилдерди аралаштырбоону — же жалаң «таза кыргызча», же «таза орусча» сүйлөөнү сунуштаган.

Ал эми депутат Султанбай Айжигитов кыргыз тилин Мадумаровдукундай деңгээлде билбестигин айтып, орусчага жооп берүүгө өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз