Пятница, 18 октября

Казакстандагы Кыргызстандын аскер кызматкерлери эртең кайтып келет

0

Кыргызстандын аскер кызматкерлер Казакстандан 14-январда келе турганын Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскер контингенти Алматыдан Токмок шаарына келет.

Кыргызстандын 150 аскер кызматкери Алматы шаарындагы маанилүү стратегиялык объект – ЖЭБ-2ни кайтарды.

Буга чейин ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрү 10 күндүн ичинде Казакстандан чыгып кетээрин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз