Среда, 24 апреля

Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши менен таанышты

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө ипотекалык насыялоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде эл аралык жана атамекендик финансы институттарынын кредиттик каражаттарын тартуу, жаңы финансылык продуктыларды ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Маалымдама: 2021-жылы Министрлер Кабинети Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5,2 млрд сомго капиталдаштырган, ошондой эле «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасы кабыл алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз