Среда, 24 апреля

Шавкат Мирзиеев Александр Лукашенкого жооп берди

0

Кечээ, 13-январда Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө өзбек президенти Шавкат Мирзиеев Александр Лукашенконун Өзбекстан тууралуу айткан сөзүнө жооп берди.

«Айрым мамлекет башчылары Өзбекстан Казакстанда болгон окуялардан сабак алышы керек деген негизсиз билдирүү жасашты. Биз региондогу абалга, бардык коркунучтарга дыкат көз салып жатабыз. Коркунучтарга жооп кайтарууга керектүү потенциал жана күчкө ээбиз», — деди Мирзиеев.

Буга чейин Беларусь президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүч мамлекеттердин башчыларынын онлайн-жыйынында Казакстандагы окуялардан биринчи кезекте Өзбекстан сабак алышы керек экенин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз