Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүп, улуттук көйнөк кийген Диана аларды лыжа менен даңазалады. Лыжа тээп бара жатканда тартылган видеотасманы социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган.
«Бул менин жашоомдогу эң сонун окуялардын бири. Мага Кыргызстандын жараны болуу сыймык», — деген Диана Тескей Ала-Тоодо кыргыз желегин желбиреткенине кубанычта экенин айткан.