Четверг, 25 апреля

Кыргызстандык аскерлер Казакстандан кайтып келишти

0

Кыргызстандык аскер кызматкерлери 14-январда Казакстандан кайтып келишти.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскер контингенти Алматыдан «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу келди. Аскер кызматкерлери Токмок шаарына жөнөтүлөт.

7-январда Кант авиабазасынан «Скорпион» атайын бөлүгүнүн 150 офицери, 19 даана бронетехника жана техника Казакстанга жөнөп кеткен.

Кыргызстандык аскерлер Алматы шаарындагы маанилүү стратегиялык объект — ЖЭБ-2ни кайтарышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз