Среда, 24 апреля

Түркияда акысыз билим алуу үчүн «Түркия стипендиялары 2023» программасына каттоо жүрүп жатат (видео)

0

Кыргызстан жарандары үчүн Түркиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде бакалавр, магистратура жана PhD-докторантура багыттарында билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген «Түркия стипендиялары 2023» программасына каттоо жүрүп жатат.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, каттоо 10-январда башталган. 20-февралга чейин созулат.

«Түркия стипендиялары 2023» программасына каттоо бир гана https://turkiyeburslari.gov.tr/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Кошумча маалыматты info@turkiyeburslari.gov.tr интернет баракчасынан ала аласыз. Андан тышкары 0 850 455 0 982 байланыш номуру иштейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз