Вторник, 23 апреля

Нарматова: Кудайга шүгүр, мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин

0

Депутат Орозайым Нарматова дипломго байланыштуу иш боюнча социалдык тармактагы баракчасындабилдирүү жазды.

Эске салсак, кечээ УКМК Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызмат адамдарына Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз негизде кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ага ылайык, парламенттик шайлоо жүрүп жаткан кезде УКМКга Нарматова 2013-жылы орто кесиптик билими боюнча диплому менен Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУ) мыйзамсыз түрдө дароо үчүнчү курска тапшырганы боюнча маалымат түшкөн.

Текшерүү учурунда Нарматова ЖАМУга өтүш үчүн жасалма диплом колдонушу мүмкүн деген да божомолдор болгон. Депутат УКМКга күбө катары сурак берүүгө чакыртылган.

Өз кезегинде Орозайым Нарматова тергөө адилеттүү жүрө турганына ишеним артарын билдирген.

«Кудайга шүгүр, мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду, резюмени баарын тапшырып, БШКдан «лупа» менен текшерилип, «баары таза, баары жакшы» деген чечим менен шайлоодон өттүк. Ушундан улам былтыр да шайлоодо «Нарматова БШКга фальсификация кылып, документ тапшырды» деген доомат менен «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон алып салуу аракеттери, менин жарандыгым боюнча каралоо, аялдык ар-намысыма шек келтирген каралоо эске түшөт. Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан», — деп жазган депутат.

Нарматова эми да каралоо жана өч алуу аракеттери болуп жатканын кошумчалаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз