Бүгүн, 15-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 607 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаарында – 404,
— Чүй облусунда – 97,
— Жалал-Абад облусунда – 24,
— Талас облусунда – 20,
— Баткен облусунда – 20,
— Ош шаарында – 14,
— Ысык-Көл облусунда – 13,
— Ош облусунда – 10,
— Нарын облусунда – 5.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 188813 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 1 бейтап көз жумду.