Адахан Мадумаров кайрадан суракка чакыртылды

0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстандын Башкы прокуратурасына сурак бергени келди. Бул маалыматты жардамчысы Айгерим Алибаева тастыктады.

Анын айтымында, Мадумаровду Башпрокуратурага кайсы иш боюнча чакыртканы тууралуу маалыматы жок, бирок ал көзөмөлдөөчү органдын имаратына саат 10:00до киргенин белгиледи.

Эске салсак, Адахан Мадумаров өткөн жумада эле Генпрокуратурага сурак берип кеткен. Анын айтымында, жалгыз ал эле эмес, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын бардык мүчөлөрү кысымга алынууда.

Буга чейин Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы жерлер боюнча күбө катары сурак берген. 2021-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жерлердин сатылышы иликтенет деп жар салган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз